Бүгүн, 30-октябрда саат 08:22де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.