• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Артында 3 уулу калды». Чек арада ӨКМдин кызматкери курман болду

18 Аяк оона 202212:57 Бишкек Govori.TV

Лейтенант Айбек Ысманов 2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Айбек Ысманов Абдималикович Баткен районунун Баткен айылында 1987-жылы туулган. Лейтенант Ысманов 2010-жылдан май айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын баткен шаардык жана райондук бөлүмдүн №26 аскерлештирилген өрткө каршы кызматынын куткаруу бөлүгүндө кызмат өтөп, эмгек ишмердүүлүгүн баштаган.

Маркум душмандардын каза болгонго чейин аталган бөлүмдүн №106 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип, адам өмүрун куткарууга өз салымын кошуп келген.

Артында 3 уулу жана жубайы калды.

Количество просмотров: 263