• Жума 29 Аяк оона 2023
  • Пятница 29 Сентябрь 2023

Баткенде ӨКМдин 4 кызматкери дайынсыз болуп, изделүүдө

18 сентября 2022 в 18:32 Бишкек Govori.TV

Баткенде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт кызматкери дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

“Кызматкерлерди табуу үчүн атайын издөө тобу түзүлдү. Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге дайынсыз болуп жаткан кызматкерлерибизди издеп жатабыз ”, — дейт ал.

Ажикеев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев издөө тобун түзүп, керек болсо тик учакты колдонуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады.

Количество просмотров: 76

Ош базар менен автобекеттерди шаар сыртына чыгарууга кошуласызбы?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда