• Дүйшөмбү 27 Теке 2026
  • Понедельник 27 Июль 2026

Артём Новиков туулган күнүн белгилөөдө. Ал 34 жашка толду

13 Үчтүн айы 202117:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-январда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туулган күнүн белгилөөдө. Ал 34 жашка толду.

Новиковду социалдык тармактын колдонуучулары куттукташууда.

Артём Новиков 1987-жылы 13-январда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмери, окумуштуу-экономист, экономика илимдеринин кандидаты. 2020-жылдын 14-ноябрынан тартып Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу. Убактылуу премьер-министр болуп дайындалганга чейин, 2020-жылдын 15-октябрынан баштап, ал биринчи вице-премьер-министр болгон.

Количество просмотров: 746