• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Арызданып, араң жаптырышкан кумарканаларды ачуу демилгеси сындалууда

23 Чын куран 2021 15:35 Бишкек Govori.TV

Депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков сунуштаган Ысык-Көл облусуна казино ачуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Демилгеге 68 депутат «макул», 23ү «каршы» добушун берди. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жаткан чагы.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр Маликов фейсбук барагында парламент депутаттарын Орозо айында Ысык-Көлгө кумаркана ачуу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышканы үчүн кескин сынга алды.

Маликовдун айтымында, кумарканалар исламда оор күнөө болуп саналат.

Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр Маликов

«Орозого атайын «белек» кылгандай бул жаңылык мени абдан капа кылды. Жергиликтүүлөр кумарканаларга киргизилбейт деген шылтоо менен, демилгечилер андай оюн залдарына салынган тыюуну актоого аракет кылып жатышат деп эсептейт. Өкмөт үчүн киреше, казынадагы акча эң негизги болуп, ал эми ал киреше кандай жол менен келип жатканы маанилүү эмеспи? Ошол эле маалда ар бири «Кудай буюрса, Кудай берсин…» ж.б. сөздөр менен Кудайга болгон ишенимин көргөзгүсү келип отурат. Арам жол менен табылган акча эч кандай береке алып келбейт. Кумар оюндар – тыйылган жана шайтандын ишине тийиштүү», — деп жазды ал.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, кесепеттерин атап берди.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова

«Оюн-зоок жайларынан казынага киреше түшкөнү менен анын кесепетинен коом, жаш муун олуттуу жабыркап, үй-бүлөлөрдүн бузулуусу, үй-мүлкүнөн ажырап, өз жанын кыйгандарды көбөйтөт. Азыр «Тамчыга» ачылат, чет өлкөлүктөр гана кирет», — деп жатат. Андай эмес, эртең биздин эле балдар барып ойноп калышат. Оюндарга азгырылып андан башы чыкпай калган өспүрүмдөрдүн ата-энелери, үй-жайсыз калып, карызга баткандар бизге көп кайрылышат. Демек, пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн»,-деди ал.

Коомдук ишмер, журналист Мыктыбек Арстанбек төмөндөгүдөй оюн билдирди.

Коомдук ишмер, журналист Мыктыбек Арстанбек

«Төрт айлык, кырк күндүк даабаттан башы чыкпаган, бир жылда үч-төрт жолу умрага барып келген депутаттардын Ысык-Көл облусуна кумаркана ачуу мыйзам долбоорунун демилгечиси болгону мен үчун ачылыш болду. Же ал депутаттарды бирөө башкарып жатабы? «Ушул нерсени өткөрүп добуш бересиң» деген ээси бар окшойт деген ойдо калдым. Кумар оюндары бул арам нерсе»,-деди Арстанбек.

Эксперт Кубан Айдаралиев «Кабар» агенттигине кумаркана ачуу экономикага оң таасир тийгизе турганын билдирген.

Эксперт Кубан Айдаралиев

“Буга чейин Кыргызстанда кумарканалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, ал ошол жылдары бюджетке жарым миллиард сомдон ашык каражат түшкөн, бирок өлкөнүн жашоочуларынын ири жоготууларга байланыштуу арызданууларынан кийин Кыргызстанда кумарканалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Чындыгында кумарканаларды жапкандан кийин деле алардын ишмердүүлүгү токтоп калган жок. 2019-2020-жылдары тыюу салынганына карабай, мейманканаларда кумарканалар аныкталган. Жалпысынан кумаркана ачуу экономикага оң таасир тийгизет. Ысык-Көлгө чет элдиктер үчүн кумаркана ачууда эч кандай коркунучтуу нерсени көргөн жокмун. Жөнөкөй эле кумарканалардын ишин жөнгө салуучу, атап айтканда ал бюджеттин киреше бөлугүндө гана эмес, ошондой эле жергиликтүү калкты жана социалдык программаларды колдоо жаатында, анын ичинде Кыргызстандын жарандары катышкан учурда жоопкерчиликти кумаркананын өзүнө жүктөө боюнча жакшы жазылган механизм болушу керек”,-деди Айдаралиев.

Экономист Кайрат Итибаев Ысык-Көл облусуна кумаркана эмес, башка тармактарды өнүктүрүү менен бюджетке салым кошсо болот пикирде.

Экономика боюнча эксперт Кайрат Итибаев

«Ысык-Көлгө кумаркана ачуу демилгесине каршы пикиридемин. Анткени аталган облуста бизнестин башка тармагын өнүктүрсө болот. Алсак, медицина, тамак-аш индустриясын өнүктүрсө болот. Кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары айтылганы менен биздин тийиштүү органдар көзөмөлдөй албайт деген пикирлер айтылып жатат. Моралдык жана социалдык жагына дагы дыкат көңүл буруу керек. Бир гана чет өлкөлүк жарандар гана кирип ойной алат дегенге кепилдик жок да деди» ,-Итибаев.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген. Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумар ойноо зонасы курулат. Ал 1200 гектар жерди ээлеп, зонага бир гана чет элдик жарандар кире алат. Авторлор муну менен жумушчу орундар түзүлүп, казынага каражат түшөт деген пикирде.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш орун азайган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот», — деди депутат Турусбеков.

Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразычылыгы менен кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.

Количество просмотров: 154