Кепшн видео: Кумаркана ачуу мыйзам долбоору депутаттарды кызыл-чеке кылды
22 Чын куран 202117:06 Бишкек Govori.TV
- Ысык-Көл облусуна казино ачуу мыйзам долбоору талаш-тартыш менен биринчи окуудан өттү.
- Аталган демилгеге 68 депутат «макул», 23ү «каршы» добушун берди.
- Депутат Зулпукаров кумаркана ачууну колдогон кесиптештерин сындады.
- Бул демилгеге депутат Момбеков да каршы чыкты.
- Айрым депутаттар мыйзам долбоорун түшүнбөй «макулду» басып алганын айтып чыкты.
- Ал арада президент Садыр Жапаров мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.
- Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастан Жумабеков демилгелеген.
- Ага ылайык, Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумар ойноо зонасы курулат.
- Ал 1200 гектар жерди ээлеп, зонага бир гана чет элдик жарандар кире алат.
- Авторлор муну менен жумушчу орундар түзүлүп, казынага каражат түшөт деген пикирде.
- Кыргызстанда 2012-жылдан баштап кумар оюндарына тыюу салынып, казинолор жабылган.
- Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы жана кумар оюндарына берилген жаштардын саны көбөйгөнү себеп болгон.
Подписаться:
Количество просмотров: 1767