• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

24 Тогуздун айы 202417:11 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Албанияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Спортчу 87 кг салмакта беттешке чыкты.

1/16 финалда венесуелалык Брайан Руис Маринди 10:1 эсебинде жеңген. 1/8 финалда армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда украиналык Владислав Дягилевди 6:0 эсеби менен утуп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда орусиялык Ауэсу Гонибошко утулду. Коло медаль үчүн күрөштө америкалык Пейтон Джейкобсонду утуп, 3-орунга ээ болду.

Количество просмотров: 211