• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты (U-17). Асема Асангариева коло медалга ээ болду

2 Баш оона 202515:29 Бишкек Govori.TV

Грецияда спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

Эркин күрөш боюнча мелдеште кыргызстандык Асема Асангариева 40 килограммга чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.

Үчүнчү орун үчүн болгон күрөштө ал румыниялык Вали Хорсанга караганда күчтүү болгон.

Буга чейин кыргызстандык кыз Украина менен Эстониянын спортчусун утуп, бирок жапон кызга утулуп калган.

Бул 3-августта жыйынтыктала турган Грецияда өткөн чемпионатта КРдин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын жалгыз медалы.

Количество просмотров: 126