Кыргызстандык спортчу Билол Шарип уулу Сауд Арабияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында коло медаль тагынды.
Ал 20-ноябрда Эркин күрөш боюнча мелдеште 65 кг чейинки салмакта күч сынашкан.
Кыргызстандык алгач Палестинаны мөөнөтүнөн мурда утуп, бирок чейрек финалда утулуп калды.
Турнирдин биринчи турунда Шарип уулу Тунистин өкүлү менен беттешип, аны 20 секундда мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
3-орун үчүн болгон таймашта кыргызстандык Бахрейндин өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медаль тагынды