• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Асел Кадырбекова кимден тажады?

2 Жалган куран 20192:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.03.2019. Govori.TV

Ырчы Асель Кадырбекова кош бойлуулугун ачыктагандан кийин кош бойлуу учурда аялда кандай өзгөрүүлөр болоорун байма-бай айтып келет. Бул жолу Кадырбекова өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына акыл үйрөткөн адамдардан тажаганын жазып чыкты.

Ырчы постуна:

«Баарынан да акыл үйрөткөн жана муну жаса деген деп буйрук кылган адамдар тажатат. Баарыбыз билгендей бизде ар бир экинчи адам акылдууда», -деп тамаша сала жазып окурмандарына сиздерди эмне тажатат? деп суроо салды.

Буга Асель Кадырбекованын пикир калтырган катталуучуларынын дээрлик бардыгы эмне тажатаарын жазып жатышса айрым сын таккандар да четтен чыкты.

Хейтерлердин бири «Асель кайын энең тажаттыбы?» дегенге да жетишти.

Булак: Барометр

Количество просмотров: 30