• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судья кызматтан алынды

14 Жетинин айы 2023 15:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Судьялар кеңеши тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, судьялар боюнча бир катар чечимдерди кабыл алган. Белгилей кетсек, 12-октябрда КР Судьялар кеңеши отчетторду угуп, кеңештин алдындагы тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, айрым судьяларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну президентке сунуштоо чечимин кабыл алган болчу.

Ага ылайык, Селекция айылында аялына мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды.

Эске салсак, 20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү тарабынан кордолуп кулак-мурдун кескиленген. Бул окуя коомчулуктун талкуусуна алынып, нааразычылыктарды жараткан. Келин буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Теги:
Количество просмотров: 103