• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мектептеги зомбулук. Караколдо ички иштер жана билим берүү кызматкерлери жазаланды

22 Бештин айы 202511:06 Бишкек Govori.TV

УКМК Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында ички иштер жана билим берүү кызматкерлери милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн жазаланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге шаардагы №7 мектептеги ата-энелер комитетинин өкүлү зордук-зомбулук тыйылбай жатканы тууралуу кайрылган жана бул арыздын негизинде териштирүү жүргүзүлгөн.

«Тергөөдө тиешелүү мамлекеттик органдар өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу иштерин жетиштүү жүргүзбөй, жаш муунду тарбиялоо боюнча өлкө жетекчилиги койгон милдетти аткарбай жатканы аныкталган. Буга байланыштуу УКМК кылмыш жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө токтом чыгарып, анын негизинде Каракол шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.А.Т. жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө боюнча участкалык инспектору А.Б.Б. кызматтан алынды. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Ч.Ч. баштаган милиция кызматкерлерине Каракол шаарынын социалдык блок боюнча вице-мэри А.Н.М.га сөгүш жана катуу сөгүш өңдүү жазалар берилди»,-деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле аталган мектептин жогорку класстарынын айрым окуучулары милициянын атайын каттоосуна коюлду. Андан сырткары тиешелүү министрлик-мекемелерге мындай окуяларды алдын алуу чараларын, пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 129