Чүй облусунун Москва районунун тургуну аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1-ноябрнда Чүй облусунун Москва РИИБне Бала-Айылчы айылында киши өлтүрүү фактысы катталды, деген маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган учурда, алдын ала маалыматтар боюнча, 1962-жылы туулган Э.С. алкоголдук мас абалында үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнүн жубайы, 1976-жылы туулган Ж.Н.ны ок атуучу курал менен атып, натыйжада ал алган жараатынан ошол жерде каза болгон.
Бул факты боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү Э.С. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Москва РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда