• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Асхат Акибаев: Көчмөндөр оюндарынын идеясынын автору менмин

13 Аяк оона 2018 12:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.09.2018.Govori.TV.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда негизделген эң ири долбоорлордун бири. Оюндун популярдуулугу жогорулаган сайын Көчмөндөр оюндарын өткөрүү жөнүндө алгачкы идея кимге таандык деген суроонун айланасында коомдук сайттарда талаш талкуулар жүрүп жатат.
Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Асхат Акибаев Көчмөндөр оюнунун автору менмин деп айтып чыкты.
Бул пикирди ал Би Би Си кызматына маек берип жатып билдирди. “Бул идеянын автору менмин. Максат Чакиевди долбоорго маркетолог катары чакыргам. Ал эми Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп турганда өз колдоосун көрсөттү.
Долбоор Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мамлекет тарабынан сунушталган. Көчмөндөр оюндарын чоң деңгээлге чыгаруу үчүн Кыргызстандын бүт күчтөрү биригиши керек болчу.
Эгер мамлекет башчы саммитте маселени сунуштабаса, өкмөт, коомчулук олуттуу иш алып барбаса Көчмөндөр оюндарын азыркыдай деңгээлге алып чыгуу мүмкүн эмес болчу. Бул бир гана кишинин эмгеги эмес. Долбоор ийгиликтүү ишке ашкандан кийин коңшу мамлекеттер дагы кызыкчылык артаарын билгенбиз.
Учурда идеянын автору менмин дегендер чыгып жатат. Эгер чындап мен авторумун дегендер болсо, мыйзамдуу түрдө каттаткан документин алып келсин. Анда ал кишиге «Кыргыз эл баатыры» деген наам ыйгарыш керек” – деди Акибаев.
Мындан сырткары ал Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө башка мамлекеттер дагы кызыгып, сунуштама билдирип жатканын кошумчалады.
Количество просмотров: 37