• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ашхабадда мугалимдер көчөгө чыгышты, шыпырганы

3 Баш оона 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.08.2018.Govori.TV.

Ашхабадда мектеп мугалимдерин жапырт түрдө көчө тазалоо тартуу уланууда.  Бул тууралуу centralasian.org басылмасы жазып чыкты.

Жергиликтүү байкоочу Аманмырат Бугаевдин билдиришинче, 45 күндүк эс алуудан келген мугалимдер күн чыккандан саат 10-11лерге чейин мектептин айланасындагы көчөлөрдү шыпырып, шаардын сейил бактарында чөптөрдү жулуп жатышат.

«Мектепке жакын жерде сейил бактар бар. Андагы чөптөрдү жулдуруп, көчөлөрдү шыпыртып жатышат. Күн ысый баштаганда мектепге кайтып, телефон аркылуу ата-энелерге быйыл жаңы мектеп формасы киргизилгенин эскертишүүдө», — деди Аманмырат Бугаев.

Быйылтан тарта Түркмөнстанда жаңы мектеп формасы киргизилген. Ага ылайык, кыздар эркин көйнөктөрдү жана улуттук саймалуу шымдарды кийишет. Ошол эле маалда кыздардын денеге чапташкан кийимдерди күйүүсүнө тыюу салынган.

Аманмырат Бугаев көчө шыпыруу үчүн мугалимдерге кошумча акча төлөнбөй турганын кошумчалады. Анын айтымында, июлдун ортосунан тарта көчө шыпырууга чыккан муглалимдер эми окуу жылы башталганга чейин ушундай иштерди аткарышат.

Количество просмотров: 28