Түркмөнстанда аялдар астыртан чектөө чараларынан улам автоунаа айдоодон баш тартууга мажбур болушууда.
Ашхабаддагы “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, полиция өкүлдөрү аял айдоочулардын изине түшүп, аларга себепсиз айып пул салып, айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алууда. Өзгөчө кара түстөгү машинелердин ээлери куугунтукка учуроодо:
– Машинесин үйгө таштаган аялдардын саны өсүүдө. Ушул жумада көптөгөн аялдар автоунаа колдонушкан жок, аларга алдын ала эскертүү берилген.
Соңку мезгилдерде аялдарга автоунаа айдоого тыюу салынып жатканы тууралуу кабарлар байма-бай айтылууда.
Түркмөнстандын мыйзамдары боюнча эркектер менен аялдар бирдей укуктарга ээ.