• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ашхабадда VPN орноткон жарандар кармалууда

7 Тогуздун айы 2023 11:09 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында кайрадан VPN орноткон жарандар кармалып, айрымдары 15 суткага камакка алынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөдө бөгөттөлгөн сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берген программаларды орнотуу кызматын көрсөткөндөр аз жана алар көмүскө иштешет.

«Алар канчалык сактанбасын, укук коргоо кызматкерлери айрымдарын таап алууда. 3-октябрда мындай кызмат көрсөткөндөрдүн бири кармалып, 15 суткага камалды. Мындан тышкары ага 15 миң манат өлчөмүндө айып пул да салынды», – деди редакциянын булагы.

Анын айтымында, өлкөдө VPN колдонгон жарандарга да кысым күчөп жатат. Акыркы кездери системалуу түрдө мамлекеттик кызматкерлер менен студенттердин телефондору текшерилүүдө. Жогорку окуу жайлардын мугалимдеринен социалдык түйүндөргө кирбей тургандыктары жөнүндө тилкат жаздырып алышууда.

Түркмөнстан басма сөз жана интернет эркиндиги боюнча эл аралык уюмдар түзгөн рейтингдерде дайыма акыркы орундарга жайгашып келет. Интернети дүйнөдө эң жай жана кымбат деп эсептелген Түркмөнстан 2022-жылы бөгөттөлгөн сайттардын саны боюнча алдыңкы он өлкөнүн катарына кирген.

Түркмөнстанда көптөгөн жылдардан бери көз карандысыз басылмалардын сайттары, Facebook, Instagram, Twitter социалдык түйүндөрү, ошондой эле YouTube-сервиси бөгөттөлүү. Быйыл апрелде өлкөдө ICQ мессенжери да бөгөттөлгөн.

Количество просмотров: 232