• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ашхабаддын тургундары нан сатып алуу үчүн түнкү саат үчтөн баштап кезекке турууда

15 Үчтүн айы 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Ашхабадда тургундар нан сатып алуу үчүн мамлекеттик дүкөндөрдүн ачылышына эки саат калганда — түнкү саат үчтө эле чогулуп, кезекке туруп жатышат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын редакциясына келип түшкөн видеолордон кеминде жүздөгөн адамдан турган кезектерди көрүүгө болот. Алардын арасында чоңдор менен катар балдар да бар. Алар караңгыда дүкөндүн кире бериштеринде түртүшүп, нааразы болуп, өз ара чырдашканга чейин барган учурлар да болууда.

Дүкөндөдүн көбүнүн алдында тартипти көзөмөлдөө үчүн полиция кызматкерлери да коюлган.

«Адамдар ачка кезде полиция деле эч кандай жардам бербейт экен. Ачкалык адамдарды кезекке турууга аргасыз кылууда. Андагы тыгылыштан жабыркагандар да болот. Көбүнчө алар жеңил жарааттарды алышат», — деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.

Анын айтымында, нан тартыштыгы жана дүкөндөрдүн алдындагы кезектер жаңы жылдык майрамдардан кийин күчөгөн.

Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдө нан 0,6 манаттан (0,03 доллар) жана ар бир кишиге үчтөн гана сатылат. Башка дүкөндөрдө нандын баасы 4 манатка (0,2 доллар) чейин жетет.

Количество просмотров: 332