• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Ашырбаев: ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу штаттык режимде жүрүүдө

23 Бештин айы 202014:46 Бишкек Govori.TV

 Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу штаттык режимде жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда маалымат жыйын учурунда «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канат Ашырбаев билдирди.

«Учурда 431 миң тонна көмүр ташылды. Кийинки жылдын март айынын аягына чейин калган 269 миң тонна көмүрдү алып келүү пландалууда», — деди Ашырбаев.

Ашырбаевдин көмүрдүн сапаты боюнча мониторингдин жыйынтыгында 3 компания ЖЭБге мындан ары көмүр ташыбай турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 35