“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Толкун Асирдинова.
Асирдинова бүгүнкү күндө Каракол шаардык кеңешинин депутаты.
«Кесибим боюнча филологмун, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайында студенттерге сабак берем. Элдин бийликтегилерге болгон нааразычылыгы депутат болууга түрттү. Коомдогу көйгөйлөрдү чечүүдө өз салымымды кошкум келет»,-деди ал.