Ата-Мекен» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева камакта калды. Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Сасыкбаева Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы, активисттер менен катар массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 23-октябрда кармалган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-феврвлга чейин камалган.