• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Асия Сасыкбаеванын камактагы мөөнөтү узарды

17 Бирдин айы 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган айымдардын бөгөт чарасын кароону улантууда.

Соттун чечимине ылайык, саясатчы Асия Сасыкбаеванын камактагы мөөнөтү узартылды.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

16-февралда Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган

Количество просмотров: 230