• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскар Акаев Казакстанга барды

20 Кулжа 202215:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барды. Бул тууралуу Акаевдин жанында жүргөн өкүлү Айжигит Матраимов билдирди.


Анын айтымында, Аскар Акаев “Алгачкы мезгилдердеги демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги” аттуу темада лекция өттү.


Иш-чарага чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери, интеллигенция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, окумуштуулар, КазМУнун ардагерлери, профессорлор жана студенттер катышты.

Количество просмотров: 353