• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскар Акаев Кыргызстанга эмнеге келди?

14 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Govori.TVга журналист Айжигит Матраимов тастыктаган.

Анын айтымында, мурунку президент «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген, ал өлкөдө 2 күндөй болот.

Бирок, бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети маалымат бере элек.

Акаевдин бүгүн таңга маал Москва — Бишкек каттамы боюнча учуп келгени маалым болгон.

Акаев ушул жылы 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга учуп келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин Кыргызстандан кайра чыгып кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Количество просмотров: 433