• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аскар Акаев модель кыз менен даам татуу үчүн 20 миң доллар сунуштады

5 Жалган куран 2018 18:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.03.2018.Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин атынан катталган аккаунт россиялык модель кыз Ксения Бурда менен көңүлдүү кеч өткөзүү үчүн 20 миң доллар сунуштады.

Россиялык модель Ксения Бурда инстаграмдагы баракчасында өзү менен көңүлдүү кеч өткөрүүнү каалагандар үчүн аукцион өткөрүп жатат. Модель кыз «аукциондун жеңүүчүсү менен жолугуп көңүлдүү кеч өткөрөм. Түшкү тамактанууну чогу кылсак, муз тепсек, киного барсак болот. Ойлонуп чечебиз»,-деген.

Сулуу кыз менен көңүлдүү кечти сатып алууну каалагандардын арасында учурда эң чоң бааны Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин атынан катталган аккаунт берген. Аскар Акаевдин атынан катталган аккаунт модель кыз Ксения Бурда менен даам сызуу үчүн 20 миң доллар же 1 200 000 рубль сунуштаган.

 

Аскар Акаевдин атынан катталган аккаунт экс-президенттин эч ким көрө элек үй-бүлөлүк архивиндеги сүрөттөрдү жүктөп келгендиктен аукционго катышып жаткан аккаунт Аскар Акаевге же үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык деп кабыл алынып келет.

Бирок, сулуу кыз менен көңүлдүү кеч өткөрүүнү сатып алмакчы болгон 74 жаштагы экс-президент Аскар Акаевби же көңүл ачууну жакшы көргөн уулу Айдар Акаевби же Аскар Акаевдин атынан кимдир бирөө аккаунт ачып алганбы белгисиз.

Биз бул боюнча Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө суроо узаттык.

 

Количество просмотров: 7