• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Соң-Көлдөн мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

8 Кулжа 202613:45 Бишкек Govori.TV

2-июндан 7-июнга чейин Соң-Көлдө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейдди «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жүргүзүштү.

Иш-чаранын алкагында көлдүн акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлорду аныктоо жана тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан болжол менен 1200 метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.

Аталган иш-чаралар Соң-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарын коргоого жана көлдүн мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Количество просмотров: 17