Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.
Өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевди Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйналышындагы академиктердин тизмесинен чыгарып салышты. Мындай чечим 20-февралда УИАнын жылдык жыйынында академиктер менен корреспондент-мүчлөрдүн бир добушунан кабыл алынды.
Себеби — Акаев башка өлкөдө жашайт.
Андан сырткары, тизмеден дагы 3 академик ден соолугуна байланыштуу четтетилди. Алардын арасында Мамбет Мамакеев да бар.
УИАнын жалпы жыйыны — бул КР Илимдер академиясынын жогорку башкаруу органы.
Булак: Аки пресс