• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аскар Акаевге I даражадагы Ломоносов сыйлыгы берилди

19 Бештин айы 202113:21 Бишкек Govori.TV

Академик Аскар Акаевге илимге сиңирген эмгеги үчүн Орусиянын I даражадагы Ломоносов сыйлыгы берилди. Мындай чечимди Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бир добуштан кабыл алган.

Сыйлык ыйгарууда академик Аскар Акаевдин илимдеги кванттык электроника, оптикалык маалымат менен иштөө, эсептөө теориясы, макроэкономика тармактары боюнча бирден-бир кадыр-барктуу адис экени эске алынган.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Количество просмотров: 1057