• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Аскат Алагөзов президенттин басма сөз катчысы болду

31 Тогуздун айы 2023 18:13 Бишкек Govori.TV

Аскат Алагөзов президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейинки маалымат катчы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорусиядагы элчиси болуп дайындалды.

Аскат Алагөзов 1984-жылы 18-июнда Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жарыкка келген.

Билими: жогорку

2001-2006 — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана адабият факультетинде окуган (кыргыз тил жана адабият мугалими адистиги)

2011-2014 – президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигине ээ болгон.

1991-2001- жылдары Бишкек шаарындагы №50 орто мектепти аяктаган.

Эмгек жолу:

2006-жыл, март — июль — Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин маалымат кызматы, референт;

2006-жыл, июль — 2007-жыл, декабрь — КТРКнын «Кабарлар» радио берүүлөрүндө кабарчы;

2008-2012 — «5 канал» телекомпаниясында журналист-баяндамачы, атайын кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу;

2012- 2016 — «5 канал» телекомпаниясынын түз эфириндеги берүүлөрдүн продюсери;

2016-жылдын март айынан тарта — «Пирамида» медиа холдингинин директорунун орун басары;

2017-жылдын 20-декабрынан тарта — «Пирамида» медиа холдингинин директору болгон.

Количество просмотров: 120