• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аскер кызматкери адамдарга ок атып, 16 адамды барымтага алды

9 Бирдин айы 2020 1:02 Бишкек Govori.TV

Таиланддын Накхонратчасима шаарындагы соода борборунда аскер кызматкери адамдарга ок атып, 16 адамды барымтага алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, анда 17 адам каза болуп, 21 адам жабыркап, 16 жаран барымтага алынганы маалымдалууда.

«Кhaosod English» басылмасынын маалыматы боюнча, аскер кызматкери Жаккрапант Томма аттуу жаран болушу мүмкүн. Ал аскердик жол тандабасты уурдап, шаардын түндүк-чыгышындагы соода борборуна барган»,-деп айтылатмаалыматта.

Учурда кылмышкер имараттын төртүнчү кабатында отурганы айтылып, ошол аймакта жүргөн күбө имараттын ичинен ок атылып жатканын телефон аркылуу билдирген.

Количество просмотров: 132