• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто үч эм төрөлдү

25 Теке 202314:35 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү – эки уул жана бир кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелердин биринчиси (уул) — 1 кг 200 грамм, экинчиси (кыз) — 1 кг 350 грамм, үчүнчүсү (уул) — 1 кг 280 грамм.

Үч эмдин энеси Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну. Бул 21 жаштагы эненин биринчи төрөтү. Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда — 30 жумасында жарык дүйнөгө келди.

Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматына ылайык, ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.

Количество просмотров: 117