Бүгүн 24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды. Бул тууралуу УКМК жетекчисинин басма сөз кызматында иштегендер социалдык тармактарга жарыялашты.
Бул үй-бүлөнүн буга чейин өздөрүнө таандык жеке турак-жайы жок болгон эмес. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Алардын кайрылуусу кыска убакытта кабыл алынган.
Учурда бул үй-бүлөнүн жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөө уул, бири кыз.