• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатууга каражат барбы?

24 Аяк оона 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын август айында республиканын Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарасында 1-октябрдан тарта аталган категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатыла тургандыгын билдирген.

Бирок, финансы министрлигинде айлык көтөрүүгө каражат жок экени тууралуу маселе көтөрүлүп жатканы айтылган.

Аталган министрликке кайрылганда, учурда маянаны көтөрүүгө акча бар экендиги маалымдалды. Кошумчалангандай, каражат республикалык бюджеттен бөлүнмөкчү.

Ал эми бүгүн, маалымат жыйында Коргоо министрлигинин финансы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Асхат Оморов 1-августтан тарта Кыргызстандагы аскер кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылганын айтты.

Анын айтымында, сержанттык курамдын эмгек акысы 30 пайызга, ал эми офицердик курамдын айлык акылары 50%га жогорулады.

«Биздеги эң белгилүү кызмат — взводдун командири жана бригаданын командири. Мурун взвод командирлери 7600 сом алса, эми 12 миң сомго жетет. Бригаданын командири мурун 9 миң сом алса, азыр 14 миң сомго жетет», — деди А.Оморов.

Количество просмотров: 392