• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскер прокуратурасы 20 млндон ашык зыянды мамлекетке кайтарды

23 Бештин айы 2020 12:41 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы 20,3 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 млн. 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян оордуна коюлган.

«Ал эми, тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок.

Количество просмотров: 39