• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Аскер курулуш» ишканасынын «Ганси» аймагында жүргүзгөн курулуш иштери текшерилүүдө

24 Бештин айы 2020 15:29 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын «Ганси» аймагында жүргүзгөн курулуш иштерин текшерүүдө. Бул мууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы мурдагы «Ганси» транзиттик борборунун аймагындагы имараттарды капиталдык оңдоп-түзөө иштерине тартылган жумушчуларга эмгек маянасын жана курулушка жумшалган товарлардын акчасын бербей жаткан.

«Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Бишкек турак-жай пайдалануу бөлүмү менен «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын ортосунда мурдагы «Ганси» транзиттик борборунун аймагындагы имараттарды коронавирус илдетине чалдыккан жарандарга медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыктап капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы суммасы 42 980 000 сомго келишим түзүлүп, азыркы күнгө карата Бишкек турак-жай пайдалануу бөлүмү аткарган иштери үчүн «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына 39 700 675 сом которгон.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуш материалдарын тапшырган субподрядчиктерге жана жумушчулардын айлык маянасы үчүн карызы 7 000 000 сомдон ашык сумманы түзөт. Азыркы учурда Аскер прокуратурасы тарабынан бул жаатта текшерүү жүргүзүлүүдө жана мыйзам бузуулар аныкталса тийиштүү прокурордук чаралар көрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 62