• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Темир Сариев Аскер прокуратурасында суракка алынды

27 Бугу 2021 10:19 Бишкек Govori.TV

Мурунку премьер-министр Темир Сариев Аскер прокуратурасында суракка алынды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш иштеринин биринде күбө катары суралган.

Ал эми Темир Сариевден бул тууралуу маалыматты тактоо азырынча мүмкүн боло элек.

Эскерте кетсек, 15-майда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экендигин айткан.

Количество просмотров: 110