• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Аскердик окуудан өтүп жаткан студент сабалган. Шектүү кармалды

19 Чын куран 2024 15:22 Бишкек Govori.TV

Мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан студентти офицер чаап жибергенин ал бир тарабы кыймылдабай калып, ооруканага тушкөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына жабырлануучунун эжеси кабарлаган.

Анын айтымында, иниси Тунгуч кичи районундагы Эл аралык медициналык университеттин 6-курсунун студенти.

«Иним 26-мартта Коргоо министрлиги талап кылган сумманы төлөп, Ысык-Көл облусундагы Балыкчы аскер бөлүгүнө мобилизациялык резервди чогултуу иш-чарасына кеткен. 18-апрелде Балыкчы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери апама телефон чалып, иним жыгылып, эс-учун жоготуп жатканын билдиришкен. Иним инсульт болуп Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга жаткырылды, сол ыптасы кымылдабай калган, сүйлөй албай жатат, ал 16-апрелде бир кызматкер сабап, башка чапканын айтты. Дагы эки күндөн бери башы ооруп жатканын айтып, бирок аскер бөлүгүнөн ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес», — деди жабырлануучунун эжеси.

Ал эми Коргоо министрлигин басма сөз кызматы окуя тууралуу комментарий берип, учурда Бишкек гарнизонун аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.

«Иликтөө иштери бүткөнгө чейин толугу эмне болгонун айта албайбыз. Бир аскер кызматкер шектүү деп кармалган», — деп билдиришти министрликтен.

Количество просмотров: 112