• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскери колунан ажырап, командири кызматтан кетти

23 Баш оона 2018 10:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
Майлуу-Суу аскер бөлүгүндөгү кырсыктан кийин анын командири кызматтан алынды.
Маалыматка ылайык, чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиев иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды. Мындан тышкары, бир катар жетекчилер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле Кызматтык териштирүүнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына тапшырылды.
Эске салсак, 19-августта Майлуу-Сууда жоокерди көмөк чордонунда электр тогу уруп, ал бир колунан ажыраган. Азыр ал Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Башкы штаб бул окуяга жоокердин өзүн күнөөлөгөн.
Количество просмотров: 28