• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

«Asman Airlines» Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты

28 Кулжа 202514:56 Бишкек Govori.TV

«Асман эйрлайнс» авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.

Күн авиакомпания «Компас Казакстан» туроператору менен өнөктөштүктө Алматыдан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна (Тамчы) жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын аткарды.

Каттам жайкы сезон мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Билеттин баасы 6 000 сомдон башталат.

Жаңы каттам — Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып, дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири — кереметүү Ысык-Көлдү көрүүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Количество просмотров: 202