Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынынында сүйлөп жатып, Финансы министрлиги ал инвесторлор менен жакында эле меморандумга кол койгонун айтты.
Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылы мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.