• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«“Мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз». Жапаров өлкөдөгү жолдорду курууга инвесторлорду чакырды

2 Тогуздун айы 202416:43 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсү, жолдордун курулушу тууралуу 2-октябрда «Кабар» агенттигине кыскача маек куруп, бир катар суроолорго жооп берди.

Жапаров өз маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айтты. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.

Ошондой эле президент Өзгөн айланма жолун эле эмес, өлкө боюнча бир топ жолдорду жеке менчик жактарга бергенге даяр экендиктерин айтты.

«Эгер кимде-ким “мен салам” десе, бүгүн бергенге даярбыз. Алар кайсы жолдор: Суусамыр – Арал Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолуна чейин 115 км, Алматы – Кемин – Ысык-Көл – 150 км, Бишкек – Кемин айланма жолу – 105 км, Кыргызстандын аймагындагы Кара-Булак айылына (Кемин району) чыгуу менен пландалган Алматы – Узынагаш – Каракастек – Сураншы-Баатыр – Кастек – Карасай-Баатыр автомобиль жолунун жалпы узундугу 88,4 км, Ош шаарынын айланма жолу – 35 км, Ноокатта 12 км жол. Жана башка дагы бир топ жолдорду бергенге даярбыз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 103