• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024
default

Күндүн ыргагы: Жапаров «Асмандын» курулушун баштады. Кыргызстанда автоунаа газы кымбаттайт

30 Кулжа 2023 18:28 Бишкек Govori.TV

АСМАН ШААРЫНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салды. Анын алдында сөз сүйлөп, заманбап шаар Кыргызстандын туристтик жана инвестициялык дараметин арттыра турганын айтты.

Мындан тышкары Садыр Жапаров учурунда заманбап «Асман» шаарын салууга ишендебегендер болгонун айтып, дымактуу пландарды сындагандар менен катар, аны колдоп-коштогондор да бар экенине токтолду.

 Иш-чарада долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик бюджеттен акча сарпталбайт деп маалымдалды.

Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев билдиргендей,  Асман экологиялык таза шаарын курууга 38 инвестор кызыктар.

Ал эми Ысык-Көлдүн тургундары жаңы шаардын пайда болуусу тууралуу өз пикирилери менен бөлүшүп, ишке ашып кетсе аймак үчун жакшы жышаан болот деген ойлорун айтышты.

Ысык-Көл жээгинде “Асман” шаарын куруу идеясы алгач 2021-жылы айтылган. Ошол эле жылы Министрлер кабинетинин токтому менен “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция” түзүлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча “Асман” 500 миң кишиге ылайыкталат. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган

Бир катар экологдор жана урбанисттер суу агып чыкпаган уникалдуу көлдүн жээгине мындай калаа куруу өтө дыкат эсептөөлөрдү талап кыларын, антпесе Ысык-Көлдүн суусу булганып, сазга айланып кетет деп эскертишкен. Бийлик шаарда экологиялык бардык эрежелер сакталат деп билдирген.

 “АЙКӨЛ” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

29-июнда Ысык-Көлдө “Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Маалыматка ылайык, борбор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине карайт. Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев катышты.

“Президент чекисттер убактысынын көп бөлүгүн улуттук коопсуздук маселелерине жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоого арнап, үй-бүлөсү жана достору менен эс алуудан четте калып жатканын белгиледи. Ошол себептен мамлекет жетекчилиги алардын натыйжалуу ишмердүүлүгү үчүн шарттарды түзүүгө бардык аракетин жумшашы керек. Учурда коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн жаңы турак жайларды, кызматтык имараттарды салуу иштери уланууда, мындан сырткары, алардын социалдык абалын жакшыртуу жаатында дагы иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”, — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров буга чейин «Айкөл» ден соолукту чыңдоо борборун жакшыртуу бюджеттин тартыштыгынан улам ишке ашпай келгенин белгилеген. 1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты жараксыз деп табылган.

Мындан улам, 2022-жылдын август айында тиешелүү инфратүзүмү бар 240 орундуу балдар лагерин куруу тапшырмасы берилген.

“Айкөл” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору Сары-Ой айылында жайгашкан. Ал буга чейин “Спутник” деп аталып келген.

БИШКЕК ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫНА ДИРЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору болуп Азамат Паизов дайындалды.

Ишкананын басма сөз кызматынан билдиришкендей, “Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков Азамат Паизовду ишкананын жамаатына менен тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Ал эми Азамат Паизов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ишкананын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшарын белгиледи.

Азамат Паизов буга чейин Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору кызматын аркалаган.

ЧЕК АРАДАН ӨТҮҮГӨ АРАКЕТТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай жараны “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда жасалма паспорт колдонуп Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылган. Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-378-беренелеринин (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети) негизинде кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу 29-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен жогоруда аталган кытай жараны 2023-жылдын 27-августуна чейин Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда. Кытай жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

АВТОУНААЛАР ГАЗЫ КЫМБАТТАЙТ

 1-июлдан тарта суюлтулган көмүр суутек газдын тоннасына 3000 сомдук акциздик салык салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Кеп автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы тууралуу болуп жатат. «1июлдан баштап суюлтулган көмүр суутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов буга чейин акциз салыгы алынбай келгенин белгилеп, эми автогаздын литри 1,7-1,8 сомго кымбаттай турганын билдирди.

Количество просмотров: 164