• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Асман» шаары качан курулуп бүтөт?

30 Кулжа 2023 14:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда «Асман» эко- шаарынын курулушуна старт берилди. Ири долбоордун курулушуна президент Садыр Жапаров капсула салып, сөз сүйлөдү.

«Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай ири долбоор эң алды менен туризмди жана инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү максатын көздөйт. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы туристтерди өзүнө тарткан кереметтүү көлүбүздүн жээгине мындай инновациялык шаар куруу менен, өлкөбүздүн туристтик жана инвестициялык кудуретин мындан да арттырууга жол ачылат. Асман шаары – Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү байланыштырган финансылык хаб болуп калат!
Бул шаар бүтүп ишке кирип кетсе, бүгүн “Кумтөр” жалпы мамлекетибиздин экономикасын кандай алдыга жылдырып жаткан болсо, «Тамчы ЭЭА» менен бул шаар дагы, бүткүл өлкөбүздүн экономикалык жактан локомотиви болуп, алдыга сүйрөп кетет»,-деди Жапаров.

Долбоор бюджеттен каржыланбастан, инвесторлордун жардамы менен ишке ашырылат. Асмандын курулушуна алдын ала эсептөөлөр боюнча 20 миллиард доллар сарпталат. КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев инвесторлордон сунуш түшүп жатканын айтты.

«Бир нече компания ири долбоорду ишке ашыруунун алдында турушат. Бүгүнкү күндө 38 инвестор менен гана чектелбейбиз, анткени дагы да сунуштар түшүп жатат. Башка инвесторлор менен кызматташууга ачыкпыз»,-деди Жунушалиев.

Ысык-Көл райондагы Чырпыкты айылынын карамагындагы жерге салына турган шаардын аянты 4015 гектарды түзүп, 500 миңге жакын адамга ылайыкталган калаа болот. Тору-Айгыр айылынын тургуну Дамира Мамбетова жаңы шаар курулуп калса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот деген үмүттө.

«Асман шаарынын курулушун жергиликтүү тургундар жакшы кабыл алды. Атайы долбоор тууралуу билели деп келдик. Ишке ашып калса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болмок»,-деди жергиликтүү тургун.

Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар курула турганын өткөн жылы жар салган. Анда бул шаар 7-10 жыл аралыгында толук салынып бүтөрү айтылган.

Ошол эле учурда коомчулукта «Асман» шаарынын айланасында кызуу талкуу басылбай келет. Борбор калааны туташ көйгөйлөр каптаган учурда Асман шаарын коё туруп, ага жумшала турчу каражатты Бишкекке жумшоо керектигин айтып чыккандар дагы болду.

Количество просмотров: 978