• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Эмне себептен “Асман”? Президент Жапаровдун жообу

30 Кулжа 2023 13:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө “Асман” шаарынын курулушуна капсула салуу салтанаты башталды. Ага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров жаңы курулуп жаткан «Асман» шаарынын аталышын чечмелеп, эмне үчүн бул ысым тандалганын айтып берди.

«Биз акылдуу шаарыбызды эмне себептен “Асман” деп атап жатабыз? Асман орусчага небо, англисчеге скай (sky) деп которулат эмеспи. Биз дагы өз дараметине ишенүү менен жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуунун, алдыга чоң-чоң максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруунун символу болуп калсын деп жакшыга жоруп, аруу тилек кылып, ушундай ысым ыйгарып жатабыз.

Кудай буюрса, Асман шаары ар бир позитивдүү адамдын өз бийиктигин таба алган, ой-кыялдарын орундата алган керемет жайына айланат. Албетте, шаар куруу, айрыкча, акылдуу шаар куруу – бул өтө тыкыр пландоону, эксперттик жана координациялык аспектилерди талап кылган абдан татаал технологиялык процесс. Мында айлана-чөйрөгө зыяны тийбегендей материалдар менен технологияларды колдонуу, энергиянын кайра жаралуу булактарын интеграциялоо, таштандыларды чыгаруунун туруктуу системасын камсыз кылуу, ландшафттык пландоодо мыкты дизайн иштеп чыгуу жана башка бир топ экологиялык, инновациялык маселелер эске алынышы кажет. Ооба, ошону менен катар эле толук кандуу шаар куруу убакытты, ресурсту жана күч-аракетти талап кылаары түшүнүктүү эле жагдай. Ошондуктан Асман шаары керектөөлөр жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен ырааттуу түрдө калыптанат.

Ошентсе да, биздин эң биринчи милдетибиз – базалык инфратүзүмдү жаратып, тургундардын жашоо-турмушуна зарыл болгон шарттарды түзүүгө жетишүү», — дейт Жапаров.

Количество просмотров: 306