• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат

19 Бугу 2022 16:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

«Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт».

Равшанбек Сабиров «Асман» шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалады. Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк.

Теги:
Количество просмотров: 133