• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аспековдун иниси: Видеодогу каражаттар байкемдин өзүнүн акчалары болчу

19 Үчтүн айы 2021 10:41 Бишкек Govori.TV

Активисттерди кармаган видеодо каражаттар байкемдин өзүнүн акчалары. Бул тууралуу бүгүн, Мелис Аспековдун бир тууган иниси Азамат Аспеков билдирди.

«Байкемдин кармалышы саясий буйрутма. Өзү шаардын четиндеги Чоң -Таш айылында жашайт. Борбор калаада иштери көп болгондуктан, видеодо көрсөтүлгөн батирди ижарага алган. Ал эми каражаттар байкемдин өзүнүн акчалары. Суммасы 5 миң доллар. Ошондой эле жеке өзүнө тиешелүү, ноутбугун, уюлдук телефонун алып кетишкен. Жактоочу аркылуу жеке буюмдарын кайтарып берүү боюнча тергөөгө өтүнүч келтиргенбиз. Бирок майнап чыкпай жатат», — деди Азамат Аспеков.

Кошумчалай кетсек, активист Аспеков учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту кылмышка шектүү катары кармалган Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин камакта калтырган.

Атайын кызмат жарандык активист «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Аларды кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгону маалымдалган.

Количество просмотров: 5747