• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ассоль Молдокматова: “Мен өзүмдүн мекениме мындай кайрылуу жазам деп ойлонгон эмесмин”

20 Жалган куран 2019 14:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV

Алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн интернеттеги жеке баракчасы аркылуу якут элине кайрылуу жасады. Ал » кылмыштуулукта улут каралбайт» деди, кыргыздарга каршы митингге чыккан якуттарга «Ар бир улутту ушундай ээн баштары бар экенин айтып, улут жаман эмес, андагы айрым адамдар гана ушундай ишке бараарын» айтып,чет жерде иштеп жаткан кыргыз мигранттарына моралдык колдоо көрсөтүү керек экенин кошумчалады.

https://www.facebook.com/assol.moldokmatova/videos/2108898625842742/

«Якут бир туугандар! Сиздерден сабырдуулук, адамкерчиликти жана айкөлдүктү суранам. Бул жерде менин мекендештерим үйүнөн алыс кетип, үй-бүлөсүн багууга аргасыз болууда. Кимдир бирөөнүн апасы, атасы, байкеси же эжеси каза болушу мүмкүн. Мен өзүмдүн мекениме мындай кайрылуу жазам деп ойлонгон эмесмин. Бирок бир туугандарыбыз жөнүндө ойлогондо коркуп жатам. Менин оюмча бул учурда жогорку деңгээлдеги аракеттерди көрүшүбүз керек. Бул президентке жетиши керек! Бул сөз адилеттүүлүк үчүн болсун” деп кыргыз менен якут элинин окшоштугу, достугу тууралуу айтты.

Көпчүлүк бул пикирди колдоого алышты. Бирок ошол эле учурда “Якут элин да түшүнсө болот” деген пикирлерин билдиришти. Эске салсак 17-мартта Якутияда кыргыз жараны жаш кызды зордуктоого шектелип кармалган. Мындан улам якут эли митингге чыгып, кыргыз улутундагыларды эле эмес, ошол жактагы башка азият улутундагы мигранттарды да кысымга алып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Белгилей кетсек Ассоль Молдокматованын инстаграм бакчасындагы катталуучуларынын арасында якут улутундагылары да бар.

Булак: “Барометр”

Количество просмотров: 24