Бишкек милициясы добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилген талапкердин жакындары кармалганын 29-ноябрда билдирди. Буга чейин алар издөөдө экени кабарланган.
Маалыматка караганда, тергөөдө пара берүүнү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Л.А.нын жакын туугандары уюштурган. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш ишин козголду.
“Тергөөнүн жүрүшүндө шайлоочуларды кийин сатып алуу үчүн 360 миң сом которулганы документ менен тастыкталган. Акчаны алгандан кийин алар паракорчулук схемасын кантип ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, мындан аркы иштөө үчүн шайлоочулардын тизмесин алышкан”, — деп айтылат милициянын маалыматында.
Мурдагы талапкер Л.А.нын 37 жана 27 жаштагы эки тууганы 23-декабрга чейин убактылуу кармоо жайына камалды.