• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Астана алтынчы жолу «Алга, Казакстан!» партиясын каттоодон баш тартты

10 Жетинин айы 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Юстиция министрлиги 9-ноябрда алтынчы жолу “Алга, Казакстан!” партиясын каттоодон баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын уюштуруу комитетинин мүчөсү Асет Абишев билдирди.

Активисттер мурдагыдай эле эки миңден ашуун кол чогултушкан.

Абишевдин айтымында, сот белгиленген тартипте тараптарга медиативдик келишим түзүүнү сунуштаган.

“Юстиция министрлиги буга макул болгон жок. Эми сот качан болот деп күтүп жатабыз”, — деди Абишев.

Буга чейин активисттер 18-апрель, 5-май, 22-сентябрь, 12 жана 26-октябрда документ тапшырышкан. Бардык учурда министрликтин аткаминерлери документтер талаптарга жооп бербей жатканын айтып, аны артка кайтарган.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, партияны каттоо үчүн анын курамында 20 миңден кем эмес мүчөсү болуп, уюштуруучулар өлкөнүн ар кыл аймагынан келген миңден кем эмес кишинин катышуусунда съезд өткөрүүгө тийиш.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдан бери Казакстанда бери дегенде 18 саясий партия катталуу арызын тапшырган. Өткөн айда 10 партия тууралуу маалымдалган. Оппозиция бийлик өзүнө лоялдуу гана партияларды каттайт деп эсептейт. Бийлик «саясий жүйө менен тигил же бул партияны каттоодон баш тартат» деген сынды четке кагууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден кийин саясий партияларды каттоону жөнөкөйлөштүрүү ниетин айткан. Бирок бир нече жылдан бери бир да партия каттала элек.

Количество просмотров: 68