• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК менен партиялардын жолугушуусунда чыр чыкты (видео)

1 Бештин айы 2021 19:00 Бишкек Govori.TV

1-декабрда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өттү. Ага шайлоого катышкан партиялардан өкүлдөр, бир мандаттуу округдан катышкан айрым талапкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйын учурдунда сөз алып сүйлөгөн Дайырбек Эрмырзаев аттуу жаран менен «Жашылдар» партиясынын талапкери Жыпара Баргибаеванын ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Белигей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоого катышкан талапкерлер менен жолугушуусунун жыйынтыгында ар бир партиянын IT-адистеринен турган жумушчу топ түзүлмөй болду.

Ага ылайык, ар бир саясий уюм 3-декабрга чейин өзү ишенген бир IT-адисин өкүл кылып жибериши керек. Алар БШКнын аянтчасында чогулуп АСУдан түшкөн маалыматтарды чагылдырган сайтта кетирилген мүчүлүштүктү изилдеп чыгышат. Андан соң корутундусун коомчулукка жарыялайт.

Количество просмотров: 959